07:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Боршайком Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. 

Жыйында Бишкек шаардык сотунун депутатка чыгарган чечими күчүнө киргендиги  айтылды. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештен депутатты мандатынан ажыратуу тууралуу кайрылуу келип түшпөгөндүгүн, бирок ага карабай Кылмыш кодексине ылайык бүтүм чыгарылышы керектигин белгилеп өттү. 

Боршайкомдун мүчөлөрүнөн Атыр Абдырахматова жана Гүлнара Журабаева гана каршы добуш беришти. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума