17:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Инаугурация «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн, сот бийлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргызстандагы элчилердин катышуусунда өтөт. Чет өлкөлүк президенттерден ким келери азырынча белгисиз. 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн шайлоону 54,22 пайыз добуш менен утуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар