01:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кумтөр» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзө алат

«Кумтөр» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзө алат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. 

Анын айтымында, азыр парламентте талкууланып жаткан Суу кодексине өзгөртүү кен казуу ишканаларга мөңгүлөрдө иштөөгө жол ачат. 

«Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда талаш болду. Анткени парламент Сары-Төр мөңгүсүндө иш жүргүзүүгө болбойт деп эсептейт. Биз ага макулбуз. Давыдовдо иш улана берет. Бул мөңгүлөр эрип жок болуп, азыр кичине эле калган», — дейт Дүйшөнбек Зилалиев.

Бул мыйзамга өзгөртүү Жогорку Соттун жана парламенттин «Күмтөр» ишканасынын ишине тоскоолдук түзбөө чечимин аткарууга дагы шарт түзөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар