17:39, 31 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Парламент «Республика — Ата Журт» фракциясынан вице-спикер Алтынай Өмүрбекованы дагы алмаштырмай болду. Аны чакырылып алуу эртең парламенттик жыйында каралат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенден кийин, анын орун басарларын алмаштыруу дагы каралган. «Кыргызстан» фракциясынан вице-спикер Данияр Төлөнов Дастан Жумабеков төрагалыкка шайланышы менен кызматын тапшырган. Анын ордуна коалициялык көпчүлүктөн Асел Кодуранова көрсөтүлдү.
Алтынай Өмүрбекованын ордуна Талант Мамытовдун сунушталары айтылууда.