21:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Фракциялаштары Өмүрбек Бабановду лидерликтен кетирүүгө даяр

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясында Өмүрбек Бабановду лидерликтен түшүрүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине депутат Зарылбек Рысалиев ырастады.

«Ооба, андай ойлор бар. Бирок, аны мен уюштурган жокмун. Өмүрбек Бабановго мамилеме карабай, андай ишке барбайм. Себеби, биз экөөбүз тең таластыкбыз. Бирок эгер кол топтоп жатышса, Бабановго каршы чыгууга даярмын», — деди Зарылбек Рысалиев.

Айрым маалыматтарга караганда, фракция лидери каршы сүйлөшүүнү Алиярбек Абжалиев жүргүзүп жатат. Ал Бабановдун ордуна депутат Курманкул Зулушевди сунуштоодо.

Белгилей кетсек, депутат Алиярбек Абжалиев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. 

Эң көп окулган жаңылыктар