13:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бензин баасы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда бензин баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Азамат Арапбаев билдирди. 

Анын айтымында, мунай затка дүйнөлүк баа көтөрүлүп жатат. Андыктан күйүүчү май тартыштык жаралышы ыктымал. 

«Экономика министрлиги ахыбалды көзөмөлгө алышы керек. Россиянын мунай зат ишканалары дагы пошлинаны өзгөртүшү мүмкүн», — деди Азамат Арапбаев.

Азамат Арапбаев министрликке Россиядан эмки жылга күйүүчү майды азыр камсыздап алууну сунуштады. 

Эң көп окулган жаңылыктар