12:06, 31 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргыз аялды сабаган түрк полициясы 1,5 — 4,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу RusTurkey.com маалымат булагы билдирет.
«Кызмат абалынан пайдалануу» беренеси менен иш сотко ашты. Соттук отурум 9-ноябрда башталат.
Эскерте кетсек, окуя 4-октябрда болгон. Аланье шаарында эки полиция кызматкери мигрант аялды буту менен тепкилешкени тасмага тартылып калган.
Жергиликтүү прокуратура иш козгоп, полиция кызматкери иштеп айдалган.