07:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз аялды сабаган түрк полициясы 4,5 жылга камалышы мүмкүн

Кыргыз аялды сабаган түрк полициясы 1,5 — 4,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу RusTurkey.com маалымат булагы билдирет.

«Кызмат абалынан пайдалануу» беренеси менен иш сотко ашты. Соттук отурум 9-ноябрда башталат.

Эскерте кетсек, окуя 4-октябрда болгон. Аланье шаарында эки полиция кызматкери мигрант аялды буту менен тепкилешкени тасмага тартылып калган.

Жергиликтүү прокуратура иш козгоп, полиция кызматкери иштеп айдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар