10:27
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

№ 32 мектептеги чырдан кийин мугалим өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

№ 32 мектептин 9-классынын окуучусунун окуудан чыгарылышы боюнча чырдан кийин мугалими өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мектептин директорунун орун басары Үпөл Сапарбаева билдирди.

Анын айтымында, 9-класстын жетекчиси, кыргыз тил жана адабият мугалими учурда ооруканада.

«Анын 38 жылдык тажрыйбасы бар. Эч ким менен буга чейин чатакташпаган мугалим. Мектепте чогулуш болгон күнү баланын классташтары мугалимдин үйүнө келип, баланын кайда экенин сурап, дарбазасын тепкилеген. Түнү бою уктабай тынчсызданып чыгыптыр. Ага айтылган айыптоолор жана интернеттеги маалыматтардан кийин «эми кантип жашайм» деп айткан экен. Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракетинен кийин эки жолу тез жардам чакырышкан» — дейт Үпөл Сапарбаева.

Эскерте кетсек, 26-октябрь күнү аталган мектепте чогулуш өтүп, 9-класстын окуучусу мектептен чыгарылган. Жыйындын чечиминде бала сабакка жетишпей, жүрүм-туруму начар экендиги көрсөтөт. Бирок, апасынын айтымында, алар мектептеги акчаларды төлөй албай калышкандыктан, педогогтордун кысымы баласын чүнчүтүп жиберди.

Эки күн мурда окуучунун апасы баласы жоголгондугун айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Үч күндөн кийин бала үйүнө кайтып келди. Апасынын билдирүүсүндө, ал мектептен айдалгандан кийин уялып, эки күн медреседе, бир күн үйдүн чатырында түнөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар