23:50
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Акыйкатчы жолтандабас сатып алуудан баш тартты

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев жолтандабас сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине маалыматты анын аппаратынан билдиришти.

Алардын айтымында, коомчулуктагы сын пикирлерден кийин жолтандабаска жарыяланган тендер токтотулду. Анын акчасын балдар үйүнө жумшамакчы.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Акыйкатчы институту жолтандабаска тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуу порталындагы жарыяда жаңы уунанын баасы 1,5 миллион сомго бааланган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби