00:20
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Бишкектен кетет

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычтын кызмат мөөнөтү аяктап, мекенине кайтууда. ИА «24.kg» агентигинин суроолоруна жооп берип жатып, ал мындан ары дагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө аракеттерин улантарын билдирди.

«Кыргызстан менин эсимде абдан меймандос өлкө катары калат. Кыргыз эли ар дайым колдоого жана кол сунууга даяр. Айрыкча дасторкону абдан берешен» — деди элчи.

Метин Кылыч төрт жыл ичинде социалдык тармактагы иштер менен иштеп, айрым байланыштарга көңүл бөлбөй калгандыгын белгиледи.

«Билим берүү, кыргыз жарандарын Түркияга жөнөтүү менен алек болуп жатып, маданий жаатка көңүл бөлөй калыптырмын. Мен кийинки элчиге бул байланышты бекемдөөгө убакыт бөлүүнү сунуштайт элем» — деди ал.

Метин Кылыч 2013-жылы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар