Нарындагы эски шахты урап, бир киши набыт болду

09:44, 31 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Нарын облусунун Жумгал районундагы Ак-Улак кенинин жанындагы эски шахты урап, бир киши набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, Миң-Куштун 61 жаштагы тургуну эски шахтыда өз алдында көмүр казып жүргөн. ӨКМдин куткаруучулары анын сөөгүн 15 метр тереңдиктен алып чыгышты.