Мамлекеттик каттоо кызматы Kloop.kg сайтын сотко берет

17:43, 30 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы Kloop.kg сайтын сотко берерин маалымдады. 

Мекеме порталдын 2017-жылдын 26-октябрында чыккан макаласын жалган маалыматтарды жокко чыгаруусун талап кылат. 

«Өкмөттүк серверди президентти шайлоодо таасир берүү үчүн кантип колдонушкан?» - деген материалда Kloop.kg Мамлекеттик каттоо кызматы Samara.kg сайты аркылуу талапкерлердин биринин колдоочуларынын тизмесин түзгөндүгүн жазып чыккан. 

Сайт маалыматты четке кагуудан баш тарткандыктан мекеме сотко кайрыларын билдирет.