17:43, 30 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик каттоо кызматы Kloop.kg сайтын сотко берерин маалымдады.
Мекеме порталдын 2017-жылдын 26-октябрында чыккан макаласын жалган маалыматтарды жокко чыгаруусун талап кылат.
«Өкмөттүк серверди президентти шайлоодо таасир берүү үчүн кантип колдонушкан?» - деген материалда Kloop.kg Мамлекеттик каттоо кызматы Samara.kg сайты аркылуу талапкерлердин биринин колдоочуларынын тизмесин түзгөндүгүн жазып чыккан.
Сайт маалыматты четке кагуудан баш тарткандыктан мекеме сотко кайрыларын билдирет.