Боршайком президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады

16:05, 30 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Боршайком 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Расмий жыйынтык алдын-ала эсептөөлөрдөн айырмаланбайт. 

54,22 пайыз менен Сооронбай Жээнбеков утуп чыкты. 33, 49 пайыз добуш менен Өмүрбек Бабанов экинчи орунда, 6,57 пайыз добуш алган Адахан Мадумаров үчүнчү орунда. 

Шайлоочулардын 56,34 пайызы добуш берди. 

БШКнын маалыматында, шайлоо күнү  Боршайкомдун серверин 18 миң 358 жолу 26 өлкөдөн хакерлер бузууга аракеттеништи. Айрыкча кечки 21.00 көп кибер чабуул жасалды.