11:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт чек арадагы кырдаалга байланыштуу ишкерлердин салык төлөмдөрүн жеңилдетет

Сапар Исаков чек арадагы айдоочуларды чыдап турууга чакырды. Бул тууралуу премьер-министр бүгүн өкмөттүн жыйында билдирди.

Ал кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандын гана эмес, үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү жүктөр да бар экенин белгилеп өттү.

«Азыр токтом даярдап жатабыз. Кандай чечим кабыл алынган күндө дагы Казакстан менен боордош эле бойдон калабыз. Мен Астанада Нурсултан Назарбаевге барып, кырдаалды айттым. Андан кийин Казакстандын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Маселелердин жарымы чечилди десек болот», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчысы учурда ишкерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгын айтып, ишкерлерге колдоо иретинде атайын токтом кабыл алынып жатканын маалымдады. Ага ылайык бажы, салык жана социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү узартылат. Андан тышкары, чек арадан кырдаалда түздөн түз таасир берген ишканалар мамлекеттен насыя ала алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар