Баткенде үч киши каза болгон шахта бир жыл мурда жабылган

09:38, 30 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Эскерте кетсек, 26-октябрда Самаркандек айылынын Гарым кенинде үч киши шахтыда газга ууланып набыт болду.

Бул окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, Самаркандек айыл аймагындагы Гарым жана Сары-Таш кендери текшерилип чыкты. Мыйзамсыз көмүр казып алып жаткан 11 киши кармалды. Алардын экөө шарттуу түрдө эки жылга кесилип, 3 миң сом айып пул салынды.