04:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын Россияга жообу: 1916-жылдагы Үркүн биз үчүн майрам эмес, аза

Президенттин аппараты Россиянын Мамлекеттик думасынын вице-спикери Игорь Лебедевге билдирүү жасоодон мурда документти кунт коюп окууну сунуштады. Бул тууралуу аппараттын расмий жообунда айтылат.

Анда Россиянын вице-спикеринин «Кыргызстан Россияга каршылык көрсөткөн күндү улуттук майрам катары жарыялады» деген билдирүүсү туура эместиги белгиленет.

«1916-жылдагы окуялар бир дагы кыргызстандык үчүн майрам эмес. Бул биз үчүн улуттук аза. Үркүн дайым биздин эсибизде болот» — деп, президенттик аппарат 7-ноябрды Кыргызстан Тарых жана эскерүү күнүнө өзгөрткөндүгүн кошумчалайт.

«Октябрь революциясын Кыргызстанда туура кабыл алышат. Аны кыргыздарга гана эмес, башка элдерге дагы зомбулуктан чыгууга шарт түзгөн төңкөрүш катары баалашат. Ал эми Тарых жана эскерүү күнү деп аталышын өзгөртүү менен Кыргызстан бул майрамдын маанисин гана кеңейтет», —деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын вице-спикери Кыргызстан 1916-жылды майрам катары белгилегенден кийин, дароо ага каршы чара көрүп, мигранттарга улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар