07:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтен көңүлү калгандыгын айтты

Кыргызстан ЕАЭБке чоң үмүт арткан.  Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн чет элдик элчилерди кабыл алуу учурунда билдирди.

Ал кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Евразия экономикалык биримдигине көп ишене бербөөгө чакырды.

«Экономикалык өнүгүүнү ЕАЭБке байланыштырып, ага үмүт артып, өзүбүздү алдабайлы. Биримдик —

ал бир адамга көз-каранды болсо, ал адам дүйнөдөгү эң күчтүү адам болсо дагы, эч кандай биримдик эмес», — деди Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев Россияга Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берерин кошумчалап өттү.

Эскерте кетсек, Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз жүк ташуучу ууналарына өз аймагын жапты. Кыргызстандан бара жаткан жүктөр жана Россиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келе жаткан ууналар дагы казак чек арасында өтө албай турушат. Казакстан апта башында Ереванда чек ара ачылбасын так айтты. Ошондой эле казак өкмөтү көмүрдү экспортко чыгарууга тыюу салды. Кыргызстандын түндүгү көбүнчө казак көмүрү менен жылынары белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума