Жыл башынан бери бюджеттин тартыштыгы 8,6 миллиард сомду түздү

11:44, 27 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында республикалык бюджеттин 8,6 миллиард сом болду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдайт. 

Бул аралыкта казынага 96 миллиард 114 миллион 267 миң 320 сом топтолуп, чыгымдар 104 миллиард 761 миллион 586 миң  152 сомду түздү.

Каржы министрлиги тартыштыкты жабууга 12 миллиард 83,2 миллион сом бар экендигин айтат.