Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын кечээги билдирүүсүнө жооп берди. Анда кыргыз коомчулугу чек арадагы ахыбалды дыкат көзөмөлгө алып тургандыгы айтылат.
«Чек арадагы көзөмөлдүн күчөшү кыргыз жарандарына жана транспортторуна таасир берди. Мындай чаралар биздин өнөктөштүк жана эки караптуу мамилелерге дагы жатпайт» — деди ал.
Эскерте кетсек, Казакстан Кыргызстандан чек арадагы кырдаал тууралуу коомчулукка туура маалымат таркатууну сунуштаган. Анда Бишкектеги казак элчилигинин алдында өткөн митинг тууралуу билдирип, кыргызстандыктарга так маалымат берилбей жаткандыгын айткан.