Айдын аягына аба-ырайы

09:30, 27 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында,  бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 мтерге жетет.

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

29-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

30-октябрда жана 31-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

31-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп түрат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.