09:10, 27 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунда шахтыда 3 адам газга ууланып набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Кырсык облустун Самаркандек айылында Гарым көмүр кенинде 26-октябрда болду. ӨКМдин куткаруучулары 90 метр тереңдиктен газга ууланып каза болгон 3 адамдын сөөгүн алып чыкты. Алар 1970-жылы тулган С.Ормонов, 1972-жылы туулган И.Ибрагимов жана 1987-жылы туулган Акмат уулу У.