«Саякбай» тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлөт

09:37, 26 октября 2017, Бишкек - 24.kg

«Саякбай» тасмасы Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясынын «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер биримдиги маалымдады.

Аталган тасманын эл аралык бет ачары Монреаль кинофорумунда 31-августта өттү. Анда фильм «Мыкты инновациялык фильм» сыйлыгын алды.

Кинонун режиссеру Эрнест Абдыжапаров, Саякбайдын ролун Марат Жанталиев, Чыңгыз Айматовду жазуучунун уулу Эльдар аткарган.