Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

16:08, 25 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Аны колдоп 80 депутат добуш берди.

«Өнүгүү- Прогресс» фракциясынын талапкери Исхак Масалиев 32 добуш алды. Баарына каршы 5 добуш болду.

Мурдакы төрага Чыныбай Турсунбеков бүгүн кызматын тапшырды. «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду коалициялык көпчүлүк колдоду.