18:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Атамбаевдин кызы жаш баласы менен бир нече саат чек арадан өтө албай турду

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кыргыз-казак чек арасында бир нече саат жети айлык баласы менен кезек күтүп турганын жазып чыкты.

Ал Киев шаарында пландалган сүрөт көргөзмөсүнө бара жаткан.

«Чек ара эки саат кезек күтүп турдук. Такси менен келип, жөө өтсөк оңой болмок экен», — деп жазат Facebook баракчасына Алия Шагиева.

Кезеги жеткенде Шагиеванын жет айлык баласынын чет өлкөгө чыгуучу паспорту жок болуп чыккан. Кайра кайтып келип, баласын чоң энесине таштап барганча учакка кечигип калганын айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар