Саратовдо жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын бешөө дагы эле ооруканада

15:51, 24 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын Саратов облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын бешөө дагы эле ооруканада жатат. Бул боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт. 

Жол кырсыгы 23-октябрда облустун Мокроус айылына жакын жолдо болгон. Жеңил ууна жолдон чыгып, оодарылып кеткен. 

Учурда облустук ооруканада бешөө дарыланышууда:

— Т.К., 22.04.1987, ахыбалы туруктуу;
— Ж.М., 01.05.1994, саламаттыгы орточо;
— О.А., 15.05.1990, ахыбалы орточо;
— А.А., 18.09.1983, ахыбалы орточо, пландуу операция жана дарылануу талап кылынат;
— К.А., 01.11.1987, ахыбалы орточо.