Дайыр Кенекеев Темир Жумакадыровдун ордуна көрсөтүлдү

12:11, 24 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитети жактырды.

Бирок Дайыр Кенекеев коопсуздук тармагын эмес, реалдуу секторду көзөмөлдөйт. Укук коргоо органдарын тескөө дагы бир вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге жүктөлөт. 

Ал 1974-жылы 24-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 2016-жылдын июнь айынан бери Талас облусун жетектеп келет.

Эскерте кетсек, мурдакы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгында набыт болду.