17:07, 23 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Билим берүү министрлиги «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамды аткаруу программасын узартууну сунуштайт. Бул боюнча парламенттин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды.
Депутаттар өкмөттүн 2012-жылдын 31-январында кабыл алынган токтомду толук аткарбагандыгын сынга алышты. Токтомдо мыйзамды ишке ашыруу үчүн 2012-2017 жыл ичинде жүргүзүлө турган иш-чаралар бекитилген. Беш жыл ичинде «Кошой коргон» тарыхый-архитектуралык комплексинде илимий-изилдөө иштери жүрүп, жаш манасчылардын мектеби ачылып, «Манас» жөнүндө балдар энциклопедиясы басылып, эпос боюнча CD жана DVD-дисктер, анимациялык тасмалар чыгарылышы керек болчу.
Пландагы иш чаралардын жарымы гана аткарылган. Министрликтин билдирүүсүндө, жетиштүү түрдө каржылоо болбой жатат.