15-ноябрдан баштап социалдык объекттер көмүр менен жылытууга өтөт

15:23, 23 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

15-ноябрдан баштап социалдык объекттер көмүр менен жылытууга өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубан Мырзаканов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеден көмүр жеткирилип баштады. Өлкөдөгү социалдык объекттердин 82 пайызы көмүр менен камсыз болушту.

Кубан Мырзаконовдун билдирүүсүндө, «Бишкек жылуулук станциясына» көмүр убагында жеткирилип жатат.