Хейли Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүн «согуш» деп атады

08:51, 20 октября 2017, Бишкек - 24.kg

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Орусиянын 2016-жылдагы америкалык шайлоого кийлигишүүсүн «согуш жүргүзүү» деп атады.т Бул боюнча ал бейшембиде Жордж Уокер Буш институтунун конференциясында билдирди. 

«Эгер кайсы бир өлкө башка мамлекеттин шайлоосуна аралашса, бул согушту билдирет», -деди ал. Дипломаттын айтымында, АКШнын президенттик шайлоо кампаниясы учурундагы Орусиянын аракеттери башаламандык жаратууга багытталган.

Америка бийлиги Орусия өкүлдөрү менен Трамптын шайлоо штабынын катышуучулары кутумга барган-барбаганын иликтөөдө.