17:46, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондук байланышы болду. Мамлекет башчысынын аппаратынын билдирүүсүндө, президенттер ич ара кызматташтыкты, Евразия биримдигине кирген өлкөлөрдүн мындан аркы келечегин талкуулады.
Алмазбек Атамбаев Владимир Путиндин социал-экономикалык маселелерди чечүүгө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.