14:58, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg
10-октябрдан бери Казакстанда 700 кыргызстандык миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттигине Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев билдирди.
Казак тараптын маалыматында 10-сентябрдан 1-декабрга чейин пландуу текшерүүнүн алкагында полиция үйлөрдү кыдырууда.
«9-18-октябрда 28 административдик мыйзам бузуу түзүлдү. Андан тышкары 518 үй-бүлөлүк- тиричилик мамилеси боюнча, 1,3 миң майда тентектик боюнча акт жазылды. 5 миңдей жаран жашаган жеринде туруктуу, же убактылуу катталуу эрежесин бузган. Анда 3 миң 778 Казакстандын жараны, 1 миң 647 чет элдик жарандар. 701и Өзбекстандын, 685и Кыргызстандын, 71и Россиянын жана 27си Тажикстандын жана 163ү башка мамлекеттердин атуулдары», — деди Алмас Садубаев.
Эскерте кетсек, кечээ Астанада Казакстандын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү өттү.