06:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаев № 47 абакка которулат

Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы № 47 абакка которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, Дүйшөнкүл Чотонов Молдовановкадагы түрмөгө жөнөтүлдү. Ал эми Өмүрбек Текебаев боюнча суранычтар эске алынып, ал түрмө ооруканасы болуп эсептелген жайда жазасын өтөйт.

Буга чейин 11 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаров дагы Молдовановкадагы күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганы маалымдалган.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга кесилген.

Эң көп окулган жаңылыктар