14:13, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg
«Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана Россиянын жүктөрү турат» — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.
Анын айтымында, чек арадагы оор жүктүү ууналар боюнча маселе жакынкы 5 күндө чечилет.
«Биз бул боюнча жол картасын түзүп, кол коюшубуз керек. Жумушчу топту эки жактын вице-премьер-министрлери жетектейт. Белгилей кетсек, чек арада Кыргызстан, Казакстандын жана Россиянын жүктөрү токтоп турат» — деди Толкунбек Абдыгулов.
Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, түшкө жакын Казакстан чек арадагы кишилерди жана ууналарды өткөрүүнү тездетти.
Эскерте кетсек, кечээ премьер-министр Сапар Исаков жетектеген өкмөт мүчөлөрү Астанада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казакстан чек арадагы жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил уунаны жана бош жүк ташуучу ууналарды өткөрүүгө макул болду.