08:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Толкунбек Абдыгулов: Кыргыз-казак чек арасында үч өлкөнүн жүгү турат

«Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана Россиянын жүктөрү турат» — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.

Анын айтымында, чек арадагы оор жүктүү ууналар боюнча маселе жакынкы 5 күндө чечилет.

«Биз бул боюнча жол картасын түзүп, кол коюшубуз керек. Жумушчу топту эки жактын вице-премьер-министрлери жетектейт. Белгилей кетсек, чек арада Кыргызстан, Казакстандын жана Россиянын жүктөрү токтоп турат» — деди Толкунбек Абдыгулов.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, түшкө жакын Казакстан чек арадагы кишилерди жана ууналарды өткөрүүнү тездетти.

Эскерте кетсек, кечээ премьер-министр Сапар Исаков жетектеген өкмөт мүчөлөрү Астанада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казакстан чек арадагы жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил уунаны жана бош жүк ташуучу ууналарды өткөрүүгө макул болду.

Эң көп окулган жаңылыктар