14:03, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Бензин баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Кыргызстандын Нефтетрейдерлер асссоциациясынан билдиришти.
Ассоциациянын маалыматында, октябрь айында эле айрым ишканалар бензин баасын 40-50 тыйынга, ал эми автомобилге газды 1 сомго көбөйттү.
Учурда Бишкекте бензин (Аи-92) — 38,3 сом, түштүктө — 40,2 сом. Дизель майы 38,2 — 38 сом.
«Азыр Россияда бензинге баа өсүп жатат. Ага ылайык бизде дагы өсүшү күтүлөт», — деп белгилешти ассоциациядан.