11:47, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО
Азия кинофестивалынын (Аsian World Film Festival) жеңүүчүлөрү Ак илбирстин коло статуясы менен сыйланат. Бул тууралуу форумдун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз билдирди.
Фестиваль 25-октябрдан 2-ноябрга чейин Лос-Анжелесте өтөт. Калыстар тобуна Сергей Бодров (Россия), Лиза Лю (Кытай), Туба Бюйюкюстюн (Түркия), актер Томас Лим (Кытай), Майкл Нури (АКШ) жана композитор Нэйтан Ван (АКШ) чакырылды.
Кинофорумду 2014-жылы Кыргызстандын кинематографисттер биримдигинин төрагасы Садыр Шер Нияз 2014-жылы негиздеген. Ал «Айтыш» коомдук фондунун колдоосу менен өтөт.
Бул фестивалда Азиянын 50 өлкөсүнүн мыкты тасмалары көрсөтүлөт.