07:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Рыскелди Момбеков: Мумияны саткыла деп убагында акча дагы сунушташкан

«Мумияны саткыла деп убагында акча дагы сунушташкан» — деп Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутары Рыскелди Момбеков бүгүнкү отурумда билдирет.

Ал Тарых музейиндеги мумиянын айланасындагы чырга чекит коюга чакырды. Депутаттын айтымында, мумия чирип бара жаткандыктан аны көмүү керек болчу.

«Мен дагы маданият министри болгонмун. 60 жыл ичинде бир да окмуштуу иликтебегенин билем. Эми

көмгөндөн кийин иликтейт элек дешет. Убагында ага кардарлар чыгып, акча да сунушташкан», — деди Рыскелди Момбеков.

Эскерте кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Тарых музейиндеги оңдоо иштеринен кийин 60 жылдан бери турган аялдын сөөгүн жерге берүү чечимин кабыл алды. Мумияны Баткен облусунда көмүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар