Боршайком шайлоонун жыйынтыгын 5-ноябрга чейин жарыялоого даяр

11:03, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Боршайком шайлоонун жыйынтыгын 5-ноябрга чейин жарыялоого даяр. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, БШК 1-2-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын жарыялап калат.

«Шайлоо жыйынтыгынан кийин гана 30 күн ичинде президент кызматына киришет. Президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда өткөн. Сооронбай Жээнбеков дагы ушул күнү ант бериши керек», — деп түшүндүрдү Назарали Арипов.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өттү. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,79 добуш алды.