17:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт Киров суу сактагычында пландуу оңдоо жүрөрүн кайталайт

Таластагы Киров суу сактагычындагы сууну агызуудан эч ким зыян тарпайт. Бул боюнча бүгүнкү маалымат жыйында Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, суу сактагыч пландуу түрдө эле үч жылда бир оңдолуп, суу толук агызылат.

«Киров суу сактагычында ремонт иштери жылда эле жүргүзүлөт. Ири оңдоп-түзөө иштери болсо үч жылда бир болот» — дейт ал. 

Ташталиев сууну акырындап кое беришерин, бир жума ичинде агып бүтөрүн айтты.

Министрлик сууну эртең, 19-октябрда агызып баштайт.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар