Казакстандын чек арачылары Кыргызстандын полковнигин маң зат менен кармады

17:25, 17 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Казакстандын чек арачылары «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын полковнигин маң зат менен кармады. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине ырасташты.

Маалыматка караганда, аскер кызматкери 15-октябрда кармалды. Ал ЖККУнын (ОДКБ) «Бузулбас достук-2017» машыгуусуна бара жаткан топтун курамында болгон.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Биз тараптан дагы иликтөө жүрүүдө», — деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан.