16:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

КТРК шайлоодо бир эле талапкерден 20 миллион сом иштеп тапты

КТРК шайлоо өнөктүгүндө иштеп тапкан акчанын көлөмүн жарыялады. Илим Карыпбековдун айтымында, акчанын көпчүлүгү өкмөттөн алган ссуданы жабууга жумшалат.

Талапкерлердин ичинен КТРКнын жарнамалык эфирине Өмүрбек Бабанов баарынан көп акча жумшады. Андан 20,7 миллион сом түштү. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондунан 14,2 миллион сом которулду. Темир Сариев −8,01 миллион сом, Арсланбек Малиев — 2,3 миллион сом, Бакыт Төрөбаев — 1,4 миллион сом, Улукбек Кочкоров — 246,2 миң сом, Азимбек Бекназаров — 139,4 миң сом, Токтайым Үмөталиева — 31,5 миң сомов, Эрнис Зарлыков — 97,8 миң сом жарнама төлөштү.

Жалпысынан КТРК 47 миллион 411 миң 895 сом иштеп тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума