05:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку сот «Женго» каймана аттуу Кадырбек Досоновду актады

Жогорку сот «Женго» каймана аттуу Кадырбек Досоновго карата Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, өткөн айда Кара-Суу райондук соту аталган кримтөбөлдү актаган. Ал ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталган. Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн алдында ок атылып өлтүрүлгөн. Ал 35 жашта болчу. Артында төрт баласы калды.

Буга чейин Толкунбек Шоноевдин атасы райондук соттун чечимине даттанбастыгын, ИИМ, прокуратура жана сот органдарына ишеними кеткендигин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар