Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

09:05, 17 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Казак эл башчысы Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде Кыргызстан өзүнүн тынымсыз өнүгүүсүндө жаңы ийгиликтерге жетишерине ишенерин айтат. 

«Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу мамилеси эки өлкөнүн кызыкчылыгында мындан ары да өнүгөрүнө ишенем», — деп айтылат телеграммада.