Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жеңиши менен куттуктады

16:16, 16 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалат. 

Маалыматта Путин Сооронбай Жээнбековго телеграмма жөнөтүп, анда Жээнбековдун өлкөдөгү аброюу жана социал-экономикалык маселелерди чечүүгө жөндөмүнө ишенерин көрсөткөнүн билдирди. 

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алаканын мындан ары өнүгүшүнө дагы салым кошоруна ниет артат.  

Белгилей кетсек, алдын-ала эсептөөлөр боюнча президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк добуш менен утуп чыкты.