00:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмаз Абдыкеримов: Жарандар талапкерлерге ишенбегендиктен шайлоого аз катышты

«Талапкерлерге ишеним жоктугунан жарандар шайлоого өтө аз катышты» - деп бүгүнкү маалымат жыйында «Жарандык платформа» фондунун көз карандысыз байкоочусу Алмазбек Абдыкеримов билдирди. 

Байкоочу шайлоонун теңата атаандаштыкта, мыйзам чегинде өткөндүгүн белгиледи. 

«Шайлоочулардын 56 пайызы гана келди. Биздин пикирибизде, жарандар ат салышкан талапкерлердин бири да өлкөдөгү саясый, социал-экономикалык кырдаалды өзгөртө аларына ишенбейт», — деди Алмаз Абдыкеримов.

Эң көп окулган жаңылыктар