«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаа тыгыны жок

10:40, 16 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаа жана жүргүнчүлөрдүн тыгыны жок. Ушул саатта эки жүк ташуучу жана жети жеңил ууна турат. Чек арачылардын айтымында, Казакстан тарап бир саатта эки уунаны өткөрүп жатат. 

Эскерте кетсек, 11-октябрда Казакстан чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүп, кыргыз-казак чегинде өтө албай турган ууналардын жана жүргүнчүлөрдүн узун кезеги түзүлгөн.