09:07, 16 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Москва шаарындагы № 9001 шайлоо тилкесине келген мигранттардын көпчүлүгү өзүн тизмеден тапкан жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.
Шайлоонун жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуулар байкалган эмес. Көпчүлүк мигранттар добуш берүү үчүн элчиликке келишти. Бирок, тизмеде аты-жөнүн таба албай калышты. Алардын көпчүлүгү биометриялык маалыматтарын тапшырган эмес жана алдын-ала элчиликке келип, учетко турбаган.
Эскерте кетсек, кечээ Москвада элчиликтин алдында мигранттар пикетке чыгышкан. Алар добуш берүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан.