Шайлоодо 11 миң жаран талапкерлердин баарына каршы добуш берди

21:12, 15 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Шайлоодо 11 миң жаран бир да талапкерди колдобой, каршы добуш берди. Бул тууралуу БШКнын шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын-ала билдирүүлөрүндө айтылат. 

Жалпысынан 1 миллион 558 миң 694 шайлоочу добуш берген. Анын 850 миңи, же 54,9 пайызы Сооронбай Жээнбековду колдошту. 530 миңи, же 34 пайызы Өмүрбек Бабановго добуш берген.